24.kg
09:19, 09 августа 2019, 24.kg

Атамбаевдин иши. Талап-тоноо катталган жок

Өткөн суткада коргоодо турган объекттерге кирүү жана уурдоо фактылары катталган жок. Бул тууралуу Мамлекеттик атайын күзөт кызматы башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция батир жана турак үйлөргө, юридикалык жактардын коммерциялык объектилерине кимдир-бирөөлөрдүн кирүүсүнө жол берген жок. Талап-тоноо катталган жок. Бирок, митингге чыккандар аталган башкармалыктын 3 унаасын талкалап салышкан.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.

Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.

27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

8-августта Атамбаевди кармоо операциясын ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган. Жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев багынып берди.

Кечээ саат 21:00дө мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармап УКМКнын имаратына сурак берүүгө алып келишкен. Анын жанында жактоочусу Сергей Слесарев бар. Азырынча саясатчыга кандай айыптар тагылаары белгисиз.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18