24.kg
17:42, 08 августа 2019, 24.kg

Милиция Кой-Ташта журналисттердин ишине тоскоолдук кылышууда

Милиция журналисттерди мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө өткөрбөй жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигинин журналисти окуя болгон жерден билдирди.

Укук коргоо органдары журналисттерди өткөрүүдөн баш тартып, мыйзамда көрсөтүлбөгөндөй алардын ишине тоскоолдук жаратууда. Мындай аракеттерине түшүндүрүүнү талап кылганда, алар «Бизде ушундай буйрук бар» деп жооп беришүүдө.

Белгилей кетсек, Атамбаевдин тарапташтары жөө «Форумга», андан ары Ак үйгө барып, Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылышмак. Бирок, алар кайра Кой-Ташка барууну чечишти. Күч түзүмдөрү Кой-Ташка барчу жолду жаап салышты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18