24.kg
17:29, 08 августа 2019, 24.kg

Өкмөт башчы менен ИИМдин Кой-Таштагы экинчи кол салуу тууралуу маалыматы жок

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин үйүнө экинчи жолу кол салуу тууралуу маалыматы жок. Бул тууралуу ал кезексиз сессияда айтты.

Депутат Мурадыл Мадеминов эмне себептен ИИМдин атайын кызматы Атамбаевдин үйүн экинчи ирет басып алууга аракет жасаганын сурады.

«6 миң милиция азыр Кой-Ташта басып алуу аракетин көрүүдө. Эмнеге кайрадан кан төгүүгө аракет жасап жатасыздар? Бул үчүн ким жоопкерчиликти алат?», -деп кызыкты депутат.

ИИМ башчысынын орун басары Сүйүн Өмүрзаков отурумда отургандыктан бул тууралуу маалыматы жоктугун айтты.

«Бул тууралуу маалымат жок. Балким, ал жакка милиция барган күндө дагы, алар мыйзам чегинде коомдук тартипти камсыздоо максатын көздөп жатышат. Алардын саны 6 миң болбойт», -деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18