24.kg
15:04, 08 августа 2019, 24.kg

Алия Шагиева Кой-Таштагы окуя тууралуу оюн айтып, президентке кайрылды

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева Кой-Таштагы окуя тууралуу түшүндүрмө берип, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады. Ал пикирин Инстаграмга жазды. 

Photo 130027

Алия Шагиеванын пикиринде, бийлик кечээки окуяны жалган чечмелеп жатат. Алар атайын кызматтын атасынын үйүнө келгенин Азиз Батукаевдин иши боюнча көрсөтмө бериши керектигине байланыштырышууда. Бирок, Шагиева атасынын буга чейин журналисттерге билгенинин баарын айтып бергенин эскертет. Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев тергөөнүн каалаган суроосуна кат түрүндө жооп берүүгө даяр экенин жазат.

«Элди кооптуу нерсеге түртүп, алардын коопсуздугун жана ден соолугун коркунучка кептеп биринчи эле секунддан баштап аткылоого кереги бар беле Сооронбай Шарипович? Бизде көрсөтмөнү ушундай жол менен алышабы? Атам Конституциялык палатанын чечимин күтүп суракка барган эмес. Анткени буга чейинки Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун «жөн гана көрсөтмө берүүдөн» кийин камакка алынганын жакшы билебиз», -деп жазат Алия Шагиева.

«Атайын кызматтын кызматкерлери бул ишти билип туруп саат кечки 8де кирип барышты. Алар атайлап интернетти, айрым телеканалдарды өчүрүштү», -деп кошумчалады ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18