Элдик кошуундар шаардык тургундардын коопсуздугун камсыздоо үчүн чогулушууда
Элдик кошуундар шаардык тургундардын коопсуздугун камсыздоо үчүн чогулушууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мурунку депутат, кыймылды түзүү демилгесин көтөрүп чыккан Данияр Тербишалиев билдирди.
«Биз саясаттан сытркары түзүлгөн уюмбуз, элдик кошуунду чогултуу идеясы Кой-Таш окуясынан кийин пайда болду. Тааныш-билиштерди чогултуп жатабыз», -деди ал.
Анын айтымында, 700гө жакын ыктыярчы чогулду.
«Биз укук коргоо органдарына жардам берүү үчүн, шаардын коопсуздугун жана туруктуулугун камсыздоо үчүн чогулдук. Абал өзгөрүп кетиши да мүмкүн, бирок кандай болгон күндө да биз башаламандыкка жол бербей, талап-тоноочуларга туруштук көрсөтөбүз», -деп кошумчалады мурунку депутат.