24.kg
11:14, 08 августа 2019, 24.kg

Мамбеталиев: Мындай операция кечинде жасалбашы керек болчу

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Рафик Мамбеталиев Кой-Таштагы атайын операция жакшылап пландалган эмес деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн «Азаттык» радиосуна билдирген.

«Мындай операция түштөн кийин же кечинде эмес, эртең менен, таң атпай болот. Кечинде атышкандын кажети жок. Атайын операциянын башында ким турса ошол жооп бериш керек. Балдарды жөнөтүп эле койбой, эсептеп, тактап аны координациялаш керек эле. Ушундай болуп кетерин алдын ала көрө билиш керек болчу», -деди ал.

Эске салсак, кечээ Кой-Таш айылында мурунку президентти кармоо операциясы ийгиликсиз болуп, кесепетинен күч органдары менен Атамбаевдин тарапташтары кагылышкан. Анда бир канча жаран жаракат алып, УКМКнын бир кызматкери октон каза тапкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18