24.kg
11:09, 08 августа 2019, 24.kg

Кой-Таш окуясы. Темир Сариев абал боюнча билдирүү таратты

Экс-премьер-министр, «Ак-Шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев Кой-Таштагы абал боюнча билдирүү таратты.

Айтымында, Кой-Таштагы кечээки окуялар өлкөнүн саясий абалынын курчушуна алып келди. Ал көзөмөлдөн чыгып мындан ары жаман жыйынтыктарга алып келиши мүмкүн.

«Азыркы тапта Кыргызстан үчүн абалды турукташтыруу боюнча саясий чечимдерди кабыл алуу маанилүү болуп турат. Президент жана парламент тарабынан кагылышууларга жол берген укук коргоо органдарынын ишине саясий баа берилиши керек», -деп эсептейт Темир Сариев.

Эске салсак, кечээ кечке жуук мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.

Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.

27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18