24.kg
10:40, 08 августа 2019, 24.kg

Кой-Таш окуясы. «Альфанын» кызматкерлери дагы деле барымтада кармалууда

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө УКМКнын «Альфа» атайын бөлүмчөсүнүн кызматкерлери барымтада отурушат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Ал жакта канча күч кызматкери кармалып жатат, саны белгисиз. Алдын ала алынган маалыматка таянсак, 5-10 киши кармалууда.

Алмазбек Атамбаев аларды эртең менен кое берем деп убада кылган. Бирок, «Альфанын» кызматкерлеринин бошотулгандыгы тууралуу маалымат жок. Кой-Таштагы элдик штабдан кабар алууга мүмкүн болгон жок.

Эске салсак, кечээ Кой-Таштагы мурунку президенттин үйүндө күч органдары менен Атамбаевдин тарапташтары кагылышып, бир канча киши жабыркаган. Анда 1 киши октон каза таап, дагы бири оор абалда комада жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18