24.kg
10:27, 08 августа 2019, 24.kg

Кой-Таш окуясы. Самат Курманкуловго экинчи жолу операция жасалат

Кой-Таштагы башаламандыкта жаракат алган Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкуловго экинчи жолу операция жасалат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкек Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда.

«Учурда аталган борбордо 24 жабырлануучу жатат. Алардын төртөө оор абалда. Дары-дармектер жетиштүү», -деп билдиришти борбордон.

Эске салсак, кечээ кечке жуук мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.

Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.

27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18