24.kg
08:34, 08 августа 2019, 24.kg

Кой-Таш окуясы. «Альфа» атайын бөлүмчөсүнүн командиринин орун басары каза тапты

Президенттин Кой-Таштагы үйүн басып алууда УКМКнын «Альфа» атайын бөлүмчөсүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков каза тапты. Маалыматты 24.kg агенттигине Бишкек Ортопедия жана травматология илимий-изилдөө борборунан тастыкташты.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Кой-Таштагы башаламандыктан кийин ар кандай жараткаттары менен ооруканаларга 47 киши жаткырылган. Анын ичинен 22си УКМК кызматкери, экөө ИИМ кызматкери, калган 23ү катардагы жарандар. УКМКнын бир кызматкери октон каза болду.

Үсөн Ниязбеков Кой-Таштагы атайын операцияны жетектеп жүргөн.

Кечээ кечинде УКМКнын атайын дайындыктагы аскерлери мурунку президентти кармоого аракет кылышкан, бирок, бул ишке ашкан эмес. Атамбаевдин тарапташтары күч органдарын мурунку президенттин үйүнө киргизбей коюшкан. Экинчи операциянын жүрүшүндө башаламандык жаралып, жаракат алгандар болду. Чүй ОИИББнын башчысы башынан оор жаракат алган. Учурда ал комада жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков эмгек өргүүсүн үзгүлтүккө учуратып, Ысык-Көлдөн Бишкекке түндө кайтып келген. Бүгүн ал Коопсуздук кеңешин жыйынын өткөрөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18