24.kg
17:16, 07 августа 2019, 24.kg

Кыргыз-казак чек арасынан салык органынын маалымкаты жок жүктөр кармалды

Кыргыз-казак чек арасындагы контролдук-өткөрмө пунктунан тиешелүү документи жок сыра, түтүктөр жана унаанын кошумча бөлүктөрү ташылып келинген фактынын бети ачылды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган товарларды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болуп чыкты.

Атап айтканда, «Чоң-Капка автожолу» контролдук-өткөрмө пунктунан 870 миң сомдон ашуун суммада 0,5 литр идиштеги 52 миң бөтөлкө сыра (Жигулевское Шымкент, Шымкентское Pilsner Классическое) алып келе жаткан 2 унаа кармалды. Ошол эле контролдук-өткөрмө пунктунан болжол менен 1,5 миллион сом суммасындагы 20,3 тонна түтүк (НКТ) ташып келинген факты аныкталды.

«Ак-Тилек автожолу» контролдук-өткөрмө пунктунан 1 миң 798 даана 240 миң сомдон ашуун суммада унаанын кошумча бөлүктөрүн алып келе жаткан унаа кармалды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18