24.kg
16:10, 07 августа 2019, 24.kg

Аксы РИИБнын кызматкери адам сабоого шектелип жатат

Аксы РИИБнын кызматкери адам сабоого шектелип жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жалал-Абад ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-августта Аксы аймактык ооруканасына сабалган жаран келип түшкөн. Жерине ыкчам топ барып, бейтаптын Кербен шаарында сабалганын аныкташкан.

«Жабырлануучунун бети-башы көк ала болгон. Ал Кербен шаарындагы май куючу жайлардын жанынан Нуку деген киши достору менен сабаганын айткан. Билдирүүсүндө, Нуку милиция болуп иштейт. Аталган окуяга шектүү делип Нурболот Курбанов аттуу тартип сакчы кармалды. Учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатат», -деп билдиришти ОИИББдан. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18