24.kg
11:44, 07 августа 2019, 24.kg

Салык кызматы: Салыктар жана төлөмдөрдү чогултуу 96,2 пайызга аткарылды

2019-жылдын 6 айында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 38 миллиард 238,3 миллион сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, план 96,2 пайызга аткарылып, 1 миллиард 517,4 миллион сомго кем жыйналган.

Ошол эле учурда 6 айдын жыйынтыгында пайда болгон 1 миллиард 517,4 миң сом суммасында толук чогултулбай калган салыктар, июль айындагы пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткаруунун эсебинен 147,1 миллион сомго кыскарган.

Болжолдук көрсөткүчтөр бир катар аймактык салык органдары тарабынан камсыздалган эмес. Анын ичинде МСКнын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгы, Ысык-Ата, Панфилов, Ноокен, Токтогул райондору жана Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Балыкчы шаарлары бар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18