24.kg
10:40, 07 августа 2019, 24.kg

Прокурордун өлүмү. Айыпталуучу ачкачылык жарыялады

Ош шаардык сотунда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча кылмыш ишин кароо уланууда. Айыпталуучу Мелис Калыков кечээ ачкачылык жарыялаган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын эжеси Дамира Калыкова билдирди. 

Айтымында, ачкачылык акциясы -милиция, прокурор жана соттун зулумдугуна каршы багытталган.

Дамира Калыкованын билдирүүсүндө, сотто төрагалык кылган Жолборс Кудаяров акыркы отурумда сот залынан айыпталуучунун баардык жактоочуларын, журналисттерди жана Мелис Калыковдун тарапташташтарын чыгарып салган.

Айыпталуучунун жакындары акыйкатчыдан бул ишке аралашып, зулумдукту токтотууну суранышат.

Эске салсак, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18