24.kg
10:25, 07 августа 2019, 24.kg

Зилалиевдин жубайына акчанын изин жашыруу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Латвиянын укук коргоо органдары тарабынан мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата акчанын изин жашыруу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, бул иш Дүйшөнбек Зилалиевге мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Кыргызстанда козголгон кылмыш ишинин алкагында, Латвиянын Каржылык чалгын кызматынан алынган маалыматтын негизинде козголду.

«Рига шаарынын Интерпол Улуттук борбордук бюросунун маалыматына ылайык, Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайы Латвиянын ири банктарынын биринде өзүнүн балдары үчүн банктык эсеп ачкан. Бул депозиттик эсептер Жамиля, Бектур жана Алима Зилалиевдердин наамына катталган. Кийин, аталган банк эсептери аркылуу бир нече жолу ири өлчөмдөгү акча которуулар болгон. Буга байланыштуу, Рига шаарынын Интерпол Улуттук борбордук бюросу Дүйшөнбек Зилалиев жанан анын жубайы тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган», -деп билдирди УКМКдан.

Эске салсак, былтыр декабрда УКМК Дүйшөнбек Зилалиевдин декларациядан өтпөгөн батирин, үйүн жана банктык эсебинен миллиондорду таап чыккан. Айыпталуучу күнөөнү мойнуна албай, муну саясий шоу деп атап келет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18