24.kg
09:48, 07 августа 2019, 24.kg

Бир жарым жаштагы кызга ыдык көрсөткөн жаран 20 жылга кесилди

Свердловский райондук сот 20 жаштагы Н.у.М.ны 20 жылга эркинен ажыратты. Ага «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерин көрсөтүү» беренеси боюнча айып тагылууда.

Маалыматка караганда, шектүү Ош облусунан Бишкекке келип, убактылуу байкесинин үйүндө жашап жаткан. 1 жарым жаштагы кыздын атасы уктап, энеси иш менен алек болуп жүргөн маалда, ал убакыттан пайдаланып кызды үйдүн экинчи кабатына алып барып ыдык көрсөтө баштаган.

«Шектүү ишин бүтүргөн соң кызды биринчи кабатка алып барып койгон. Кыздын апасы памперстеги сперманы көргөндөн кийин милиция чакырышкан. Соттук отурумда айыпталуучу күнөөнү жарым жартылай мойнуна алган. Айтымында, ал кичинекей кыз менен ойноп отуруп, андан кийин эмне кылганын өзү билбей калган», -деп айтылат соттун өкүмүндө.

Соттук оутурмдун жүрүшүндө кыздын ата-энеси тууганына нааразы эместигин билдиришип, тосмо арыз жазылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18