24.kg
09:40, 07 августа 2019, 24.kg

Саясатчылар Алмазбек Атамбаевди жашыруун колдоп жатат деп президентти күнөөлөштү

Саясий туткундары реабилитациялоо боюнча жарандык бирикменин мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов жана башкалар Алмазбек Атамбаевдин камалышын талап кылышууда. Алар президент Сооронбай Жээнбековго ачык кайрылуу жасашты.

Өздөрүн саясий туткундарбыз деп атагандардын айтымында, дээрлик 2 жылдан бери Сооронбай Жээнбеков тазалануу жана жаңылануу саясатын жүргүзүүдө.

Алар азыркы президенттин Мекен кызыкчылыгын баарынан жогору койгондугун баса белгилешкен. Бирок, акыркы убакта укук коргоо органдары тарабынан түшүнүксүз, логикага сыйбаган аракеттер болуп жатканын кошумчалашкан. Кайрылуу жасагандар парламент тарабынан колдоого алынган президенттин саясаты (президент өзү башында турса дагы) органдар тарабынан жайлатылып, бойкот жарыяланууда. Алар өлкөдөн Аскарбек Шадиевдин, Бусурманкул Табалдиевдин жана мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин качып кеткенге мүмкүнчүлүк берилгенин эскертишүүдө.

«Биз бул жерде мурунку президенттин кызыкчылыгы үчүн аракет кылып жатасыз деп болжолдоп атабыз. Атамбаевге карата айтылган 6 айыптын ичинен башкы айыпты -бийликти узурпациялоо жана саясий туткундарды куугунтуктоо деген пункту эмне себептен алып салдыңыз? Жооп айдан ачык белгилүү, анткени анын жоопкерчилигин эл алдында, Мекен алдында жеңилдетүү үчүн сиз Алмазбек Атамбаевди жашыруун колдоп жатасыз. Эмне себептен кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн жетиштүү негиздер болсо дагы, азыркыга чейин аны камоого дитиңиз барбай жатат?», -деп суроо салышкан кайрылгандар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18