24.kg
09:07, 07 августа 2019, 24.kg

ӨКМ: Түштүк аймакта 2 киши сууга чөгүп кетти

Кечээ Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Лаган каналына 2 кыз түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, кыздардын бирөөсүн жергиликтүү тургундар куткарып калышкан.

«Экинчи кызды издөөгө Кадамжай райондук № 75 ӨКБдан 8 куткаруучу тартылды. Жергиликтүү тургундар кыздын сөөгүн суудан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен», -деп билдиришти ӨКМдан.

Ошондой эле, кечээ Ош шаарында Ак-Буура дарыясына 1 эркек адам чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, саат 18:20да маркумдун сөөгүн суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18