24.kg
08:55, 07 августа 2019, 24.kg

Бишкекте № 9 автобустук каттам убактылуу токтотулду

Бишкекте № 9 автобустук каттам убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, автобус № 12 кичи райондон «Тынчтык» жаңы кошунуна каттап турган. Коомдук унаанын каттамына чектөө киргизүүгө Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айылында жайгашкан жаңы конуштун жолунун начардыгы себеп болду.

Мэриядан маалымдашкандай, жолдун начардыгынан улам автобустун тетиктери сынып, салондун ичи кир болууда.

Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалар мекемесинин жетекчилиги аталган айылдын башчылары менен сүйлөшүп, жыйынтыгында жол 30-августка чейин ондоодон өтөөрү анык болду.

Эске салсак, аталган автобустан сырткары жаңы конушка № 290 жана № 211 маршруткалар каттайт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18