24.kg
12:14, 06 августа 2019, 24.kg

Ысык-Көлдө 12 жаштагы бала «бананды» минип жүргөн маалда кырсыктап каза болду

Ысык-Көл облусуна караштуу Бостери айылында 12 жаштагы бала көл үстүнөн «бананды» минип жүргөн маалда каза болду. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, бананды сүйрөп жүргөн катерге баланын башы тийген. Кырсык кечээ «Мүрөк» пансионатында болгон.

Жабырлануучуну Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага алып барышкан. Ал жандандыруу бөлүмүнөн өзүнө келбей каза болду. Бала Бишкектен ата-энеси менен келип, жеке сектордо эс алып жатканы маалым болду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18