24.kg
10:46, 06 августа 2019, 24.kg

Жаңы конуштардын жашоочуларына эмдөө тууралуу маалымат берилет

Жаңы конуштардын жашоочуларына эмдөө тууралуу маалымат берилет. Бул тууралуу «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмесинен билдиришти.

Аталган уюм ЮНИСЕФтин колдоосу менен жаңы долбоорду ишке киргизет. Анда эмдөөдөн баш тарткан ата-энелерге маалымат берүү максаты коюлган.

Билдирүүгө таянсак, айрым ата-энелер эмдөөгө карата ишеними жоктугунан, балдарын эмдөөдөн өткөрүшпөйт. «Мындай адамдардын санынын өсүшүнө эмдөө тууралуу маалыматтын жоктугу себеп болууда. Ошондой эле эмдөө тууралуу айтылган ар кандай аңыз кептер, диний ишенимдер дагы себеп», -деп билдиришти бирикмеден.

Аталган долбоор Бишкекке жакын жайгашкан «Келечек», «Дордой-1», «Мурас-Ордо», «Ак-Бата», «Ак-Жар», «Адилет» жана «Алтын-Казык» жаңы конуштарын камтыйт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18