24.kg
09:06, 06 августа 2019, 24.kg

Солтон-Сары: бийлик өкүлдөрү эл менен сүйлөшүү жүргүзүүдө

Кечээ Нарындын Солтон-Сары кениндеги кытайлык компания менен жергиликтүү элдин ортосунда чыккан чатактан отуздан ашык киши жаракат алды. Алардын көпчүлүгү кытайлык компаниянын кызматкерлери. Бул тууралуу «Азаттык» сайты жазды.

Маалыматка караганда, кечээ 500дөй адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Жоржи Майнинг» компаниясына бараткан учурда чатак чыккан. Алгач эки тарап бири бирин таш менен уруп, андан кийин жаалданган жергиликтүү эл кытай компаниясынын кызматкерлерин токмоктоп салышкан. Айыл тургундарынын арасынан да бир нече кишиге таш тийгени айтылып жатат. Жергиликтүү эл компаниянын айрым жүк ташуучу автоунааларынын терезесин сындырып, тоодон ылдый айдап түшкөн.

Учурда милиция кызматкерлери чатакташкандарды тынчтандырып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кен чыккан жерден кете элек. Эл да тарабай турат. Нарындан окуя болгон жерге «Тез жардам» кызматы барган. Азырынча Солтон-Сары кениндеги чатак тууралуу расмий органдар маалымат тарата элек.

Жыйналган эл кытайлык компаниянын кызматкерлеринин чыгып кетишин талап кылып жатышат.

4-августта ал жерде 30дай малчы чогулуп, кытайлык компаниянын өкүлдөрүн бир күн мурда болгон чатакка айыптап, «күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазасын алсын» деген талап коюшкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18