24.kg
17:55, 05 августа 2019, 24.kg

Кыргызстандык тасмалар «Күмүш ак боз ат» эл аралык фестивалга катышат

Кыргызстандык төрт тасма Башкортостанда өтө турган «Күмүш ак боз ат» эл аралык фестивалына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан кабарлашты.

Аталган иш-чара 24-27-август күндөрү Уфа шаарында өтөт. Ага Орусиядан башка 10 өлкөдөн 48 тасма катышмакчы.

Аталган фестивалда Кыргызстандын атынан эки оюн жана эки даректүү тасма ат салышат. Режиссер Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы Этникалык жана улуттук кино бөлүгүндө катышат. Ал эми режиссер Бекзат Пирматовдун «Аврора», Азамат Шаршеновдун «Жашоо керемет» жана Ибадылла Ажыбаевдин «Мугалим» тасмалары фестивалдын социалдык жана мотивациялык кино бөлүгүндө ат салышат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18