24.kg
15:35, 05 августа 2019, 24.kg

Түркияда кыргызстандык кыз менен жигит жол кырсыгына кабылып, оор жараат алышты

Түркияда кыргызстандык кыз менен жигит жол кырсыгына кабылып, оор жараат алышты. Бул тууралуу «Азаттык» билдирди.

Окуя 4-августка караган түнү Анталия шаарынын Топчулар районунда болгон. Мотоциклде бараткан эки кыргызстандыкты катуу ылдамдыкта келе жаткан автомашина артынан сүзүп, качып кеткен.

Кырсык болгон жерге Анталиянын полициясы жана «Тез жардам» кызматы барган. Жабыркаган кыздын белине оор операция жасалды. Жигит Анталия шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү түрк жараны кармалганы белгилүү болду.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги бул тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык расмий каттоодо турат. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенет. Жайында Түркияда иштеген кыргызстандыктардын саны мындан бир топ көбөйөт

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18