24.kg
10:39, 05 августа 2019, 24.kg

Бишкектеги 4 эмдин ата-энеси жаңы конуштуу болушту

4 эмдин ата-энеси Азамат менен Нурайым Смановдор жаңы конуштуу болушту. Аларды куттуктап президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев жана Октябрь районунун акими Максим Ситников барышты.

Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, эми Арууке, Акбермет, Айчолпон жана Сооронбай акысыз сүз азыктарын жана акчалай жөлөк пул алып турушат.

Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, үй-бүлөгө 90 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүлдү. Ал эми республикалык бюджеттен сүйүнчүгө 16 миң сом берилди.

Эске салсак, 4 эм ушул жылдын 25-февралында жарык дүйнөгө келген. Буга чейин алардын ата-энеси туугандарынын батиринде жашап жүрүшкөн. Кийин президент үй-бүлөгө 2 миллион сомдук сертификат тапшырган. Өкмөт 150 миң сом бөлүп берген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18