24.kg
14:56, 02 августа 2019, 24.kg

Өзбекстан Кыргызстанга берчү 100 миллион доллар маселеси күзүндө чечилет

Өзбекстан Кыргызстанга бере турган 100 миллион доллар боюнча чечим быйыл күзүндө кабыл алынат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

Министрдин айтымында, шарттар азырынча белгилене элек. Маселе сентябрь айына пландалып жаткан кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйынында каралат.

«Шарттар азырынча белгисиз. Өкмөт аралык комиссиянын жыйынында чечилет. Былтыр эки президент сүйлөшкөндө ушундай сунуштар болгон. Жеке секторго, ар бир ишкердин жеке кепилдигине карата берилет», -деди ал.

2017-жылы кыргыз мамлекетинин башчысы Сооронбай Жээнбеков Ташкентке барганда Кыргызстанга 100 миллион доллар бөлүү тууралуу макулдашууга кол коюлган. Экономика министрлиги бул акча Өзбекстандан товар ташып келе турган ишкерлерге коммерциялык банк аркылуу берилерин, өкмөт жоопкерчилик албасын айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18