24.kg
14:45, 02 августа 2019, 24.kg

Самаркандда 82 жаштагы киши 2-класстын окуучусун зордуктоого шектелүүдө

Самарканд облусунун Кушрабад районунда 82 жаштагы киши 2-класстын окуучусун зордуктоого шектелүүдө.

Самарканд облусунун укук коргоо органдарынын кызматкеринин билдиришинче, тогуз жаштагы кыз 25-июлда аймактын тоолуу айылдарынын биринде зордукталган. Кийинчерээк кызга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Аны зордуктоого шектелген 82 жаштагы киши кармалды, ага карата кылмыш иши козголду.

Кыздын таежеси тергөөчүлөр шектүүнү камабай, бошотуп жибергенине даттанууда.

Кушрабад райондук ички иштер бөлүмү 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелген киши эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулганын тастыктады. ​"Ооба, биз аны чындап эле бошоттук. 82 жаштагы карыяны камап кое албайбыз да. Биз андан райондон чыкпоо боюнча тил кат алдык. Анын үстүнө ага маале кепил болду. Башкысы ал сотко келсе болду. Анын мындан ары бул сыяктуу шоктук кылуу ниети жок.", — деди райондук милиция кызматкери.

Зордукталган кыздын жакындарынын айтымында, учурда бул ишти жабуу үчүн шектүүнүн уулдары жабырлануучунун ата энесине кысым көрсөтүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18