Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташыган унаа оодарылып кетип, жүргүнчү жабыркады
Маалыматка караганда, «MAN» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны 50 жаштагы жаран башкарып бара жаткан. Ал рулду башкара албай калып, унаа оң капталы менен оодарылып, 25-30 метр жерге сүрүлүп барган. Кесепетинен унаада бара жаткан жүргүнчү денесинен ар кандай жаракат алып Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген.