Эмгек өргүүсүнөн кийинки синдромду кантип жеңүү керек? Пайдалуу кеңештер
Психологияда эмгек өргүүсүнөн кийинки синдром деген түшүнүк бар. Анда эс алып келгендер дароо ишке өтүүдө стресс, кыжырдануу, жалкоолук, депрессия сыяктуу жагымсыз жагдайларга тушугушат. Статистикага таянсак, кеңседе иштеген кызматкерлердин болжолдуу 40 пайызы жогорудагы көйгөлөргө туш болот.
Эмгек өргүүсүнөн кийин көпчүлүктүн жалкоосу кармап, уйкусу келет. Эч нерсеге көңүлү чаппайт. Адистер буга жол бербеш үчүн айрым эрежелерди карманууну сунушташат. Антпесе эмгек өргүүсүнөн кийинки синдром көпкө сакталып, зыян бериши мүмкүн.
24.kg агенттиги эмгек өргүүсүнөн кийин максималдуу түрдө натыйжалуу иштеп баштоо үчүн, айрым кеңештерди даярдады.