24.kg
10:31, 02 августа 2019, 24.kg

Бир катар өлкөлөрдүн жарандары үчүн виза талаптары жөнөкөйлөштүрүлөт

Кыргызстанга келүү үчүн жеңилдетилген виза режими киргизилген өлкөлөрдүн тизмеси кеңейтилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Кыргызстанга алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген меймандардын Кыргызстанга кирүү шарттарын жеңилдетүүгө, ошондой эле инвестициялык, ишкерлик жана туризм тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, виза берүү кызматтарын оптималдаштырууга багытталган пландуу иш-чаралардын алкагында, Тышкы иштер министрлигинин демилгеси менен өкмөт ушул жылдын 1-августунда 391-токтомду кабыл алган.

Жогорудагы токтомго ылайык жеңилдетилген виза режими киргизилген өлкөлөрдүн тизмеси кеңейтилди.

Жогоруда аты аталган өлкөлөрдүн жарандары Бириккен Араб Эмираттарынын, Кувейт Мамлекетинин, Катар Мамлекетинин, Бруней- Даруссалам Мамлекетинин, Оман Султанатынын жана Бахрейн Королдугунун (жарандар аты аталган өлкөлөрдүн резидент-карталарына ээ болуулары керек) аймагында туруктуу жана мыйзамдуу жашоолору тийиш.

Кыргызстанга келүү үчүн 1 айлык мөөнөткө чейинки кыска мөөнөттүү туристтик визалар Булуңундагы өлкөлөрдүн резидент-карталарын жана резидент-визаларын (бир жерде туруктуу жашоого укук берүүчү документин) көрсөткөндө гана жеңилдетилген тартипте таризделип берилет (чакырууну тариздөө зарылчылыгы жок эле жеке кайрылуунун негизинде).

Виза берүүнүн жеңилдетилген тартибинин киргизилиши биздин өлкөгө Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн меймандарды тартууга өбөлгө түзөт. Булуңунун өлкөлөрүнө авиарейстер ачылып жаткан учурда бул өзгөчө актуалдуу болуп саналат.

Өкмөттүн Токтому 2019-жылдын 11-августунда күчүнө кирет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18