24.kg
09:38, 02 августа 2019, 24.kg

ЛГБТ мүчөсү Елена Григорьеваны кыргызстандык жаран өлтүргөн эмес

Санкт-Петербург шаарында киши колдуу болуп каза болгон ЛГБТ мүчөсү Елена Григорьеваны кыргызстандык жаран өлтүргөн эмес. Бул тууралуу Следственный комитет России билдирди.

Маалыматка караганда, адам өлүмүнө шектетип жаткан кыргызстандык Даврон Мухамедов аялды башка киши өлтүргөн деген көрсөтмө берген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 21-июлга караган түнү Григорьева Мухамедовдун компаниясында спирт ичимдигин ичип отурган. Андан кийин ал Пулковская көчөсүндөгү үйдөн башка киши менен спирт ичимдигин ичүүнү уланткан. Алар уруша кетип Григоьеваны сабап, 8 жолу бычак менен сайган.

Кармалган жаран күнөөнү мойнуна алды. Учурда ага карата баш коргоо чарасын тандоо маселеси чечилүүдө.

Эске салсак, Елена Григорьеванын сөөгү 21-июлда табылган. Ал буга чейин коркутуулар болуп жатканын айткан. Петербургдук активисттер аялды гомофобдук мотив менен өлтүрдү деп шектенишүүдө.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18