24.kg
15:54, 01 августа 2019, 24.kg

Санкт-Петербург шаарынан издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды

Санкт-Петербург шаарынан Кыргызстандын аймагында жасаган кылмыш иши үчүн издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 1974-жылы туулган Б.А. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүмүндө (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, эгерде алардын предмети ири өлчөмдөрдөгү баңги каражаттары болсо) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого айыпталып, тергөө органдарынан жашырынып жүргөн.

Аталган окуяга шектүү делген Б.А. кармалып, Бишкек ШИИББнын убактырлуу кармоочу жайына киргизилген. Бирок, тергөө учурунда айыпталуучу белгисиз тарапка качып кеткен болчу.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18