24.kg
12:02, 01 августа 2019, 24.kg

Сириянын аскер лагерлеринде жүргөн мекендештерди Кыргызстанга алып келишет

Сириянын аскер лагерлеринде жүргөн мекендештерди- аялдар менен балдарды Кыргызстанга алып келүү керек. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйында коомдук жана саясий ишмер Кубанычбек Токтосунов билдирди.

Анын айтымында, жөнөкөй жарандар менен ишкерлер бул милдетти өздөрүнө алышууда.

«1000ден ашуун кыргызстандык аялдар менен жаш балдар Сириянын жана Ирактын лагерлеринде жүрүшөт. Арасында Башар Асаддын лагеринде жүргөндөрү бар. Качан мамлекет жардам берет деп күтпөш керек. Бизге алардын улутунун мааниси дагы жок. Алар элдин бир бөлүгү. Биз өз алдынча бул ишти колго алууну туура көрдүк, мында эч кандай саясат жок», -деди Кубанычбек Токтосунов.

Сентябрга карата өлкөгө 150 кишини кайтаруу пландалууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18