24.kg
11:35, 01 августа 2019, 24.kg

Суу ресуртары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү

Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Чечим Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин ченемдеринин суу ресурстарын башкаруу боюнча мамлекеттик органын түзүүнү жөнгө салган талаптарын ишке ашыруу максатында кабыл алынды. Суу ресурстары агенттигине мамлекеттик суу саясатын ишке ашыруу, башкаруу иш-чараларын координациялоо, суу ресурстарын колдонуу жана коргоо, аларга мониторинг жүргүзүү милдеттери жүктөлөт. 

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Суу кодексинде каралган милдеттерди тийиштүү түрдө аткаруу максатында суу ресурстары агенттигине суу секторунун мамлекеттик органдарынын айрым иш-милдеттери берилет, бул — суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү, жер алдындагы суулардын режимин жана абалын изилдөө, айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу, ошондой эле башка ведомстволордун карамагында турган ирригация жана дренаж маселелери.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18