24.kg
10:26, 01 августа 2019, 24.kg

ЖЭБ чыры. Айбек Калиев ТВЕАнын унаасын 23,8 миң долларга саткан

Бишкектин Свердлов райондук сотунда ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш ишин кароо уланууда. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Сурак берүүгө жеке ишкер Чыңгыз Чулуев чакырылган. Мурунку отурумда Айбек Калиев ТВЕАдан 10 миң долларга унаа сатып алганы маалым болгон. Алгач унааны ТВЕА компаниясынын төрагасы Мусажан Макелектин мурунку кеңешчиси Арлан Осмонжановго, андан кийин Айбек Калиевдин кишиси- Чыңгыз Чулуевге каттатышкан.

Күбө Айбек Калиев унаасын каттап берүүнү суранганын айтты. «Ал унааны арзан сатып алыптыр. Абалы анча эмес болчу. Кийин биз аны 23,8 миң долларга саттык. Мен аны сатканга даярдап, химиялык тазалоосуна жана полировкасына 100 доллар коротком. Сатыктан келип түшкөн акчаны Айбек Калиевге бергем», -деди Чыңгыз Чулуев.

Айбек Калиев өз кезегинде Чыңгыз Чулуевге унааны даярдоо үчүн 2 миң доллар бергенин айтты.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18