24.kg
09:29, 01 августа 2019, 24.kg

«Вечерний Бишкектин» активдери Александр Кимге кайтарылып берилди

Мындан ары Александр жана Галина Рябушкиндер «Рубикон» ЖЧКнын 50 пайыз үлүшүнө, «Вечерний Бишкек» басма үйү ЖАКтын акциясынын 68 пайызына кожоюн эмес. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Александр Кимдин жактоочусу Сергей Воронцов билдирди.

Анын айтымында, кечээ Бишкек шаардык соту Рябушкиндердин үй-бүлөсүн көзөмөлдүк пакетине ээликтен ажыратуу жөнүндө чечим чыгарды. Мындан улам, алар «Вечерний Бишкектин» ээлери боло алышпайт. Баардык активдер Александр Кимге кайтарылып берилди.

Буга чейин Башкы прокуратура басма үйүнүн мурунку кожоюну Александр Кимдин арызын карап чыккан. Арызда 2014-жылы холдингди Александр Рябушкин рейдерлик жол менен басып алганын айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18