24.kg
16:46, 31 июля 2019, 24.kg

Таласта катталган жол кырсыгында 3 киши каза болду

Таласта катталган жол кырсыгында 3 киши каза болду. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык 30-июлда саат 23:50 чамасында Кара-Ой айылында катталган.

Маалыматка караганда, «Ауди А6» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун четине чыгып кетип даракты сүзгөн. Оор жаракаттардан улам 2008-жылы туулган эркек бала, 2010-жылы туулган кыз жана 1972-жылы туулган аял каза болгон.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18