24.kg
16:37, 31 июля 2019, 24.kg

«Кыргызстанда жасалган» бренди тышкы рынокто атаандаштыкка туруштук берет

«Кыргызстанда жасалган» бренди тышкы рынокто атаандаштыкка туруштук берет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Панфилов районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда айтты. 

Photo 128821

Ал экологиясы таза, органикалык продукцияны Кытай Эл Республикасына экспорттоону активдештирүү максатында иш—аракеттер планы бекитилгенин, анын алкагында тиешелүү иш-чаралар көрүлүп жатканын билдирди. 

Мындан тышкары, 2019-2022-жылдарда Экспортту өнүктүрүү боюнча өкмөт программа кабыл алган. Ага ылайык кайра иштетилген мөмө-жемиш продукциясынын Кытайга экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү, кайра иштетилүүчү продукциянын өсүшүн камсыз кылуу үчүн бир нече чаралар каралган.

«Химикаты жок, экологиялык таза продукция менен глобалдык конкуренцияга туруштук беребиз. Кыргызстанда айыл чарба продукциясынын баалары коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн. Бул факторлор келечекте Кыргызстанда жасалган экопродукциянын брендин күчөтөт», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18