24.kg
13:52, 31 июля 2019, 24.kg

Аида Салянова Кыргызстандан операция жасатуудан баш тартууда

Мурунку башкы прокурор Аида Салянова Кыргызстандан операция жасатуудан баш тартууда. Бул тууралуу ЖАМКтан билдиришти.

Буга чейин Аида Салянованын жүрөк илдети өрчүп, тез арада операцияга муктаж болууда деп ЖМКда кабарланган. Аида Салянованын сиңдиси Чынара Турдалиеванын айтымында, тапшырган анализдердин жыйынтыгы чыгып, Аида Саляновага панкардит деген жаңы диагноз коюлду. Бул илдет жүрөктүн бардык катмарларынын сезгениши менен мүнөздөлөт.

Маалыматка таянсак, азыркы тапта Аида Салянованын абалы салыштырмалуу туруктуу. Ал баш калаадагы № 1 тергөө абагында мекеменин дарыгерлеринин көзөмөлүндө турат. «ЖАМК дарыгерлери Салянованы карап жатышат. Алардын айтымында, Аида Салянова стационардык дарыланууга муктаж эмес», — деп жазылат билдирүүдө.

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган. Эки күндөн кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 26-июнга чейин Бишкектеги № 1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган.

15-июнда саламаттыгынан улам ооруканага которулуп, бирок он төрт күндөн кийин кайра тергөө абагына жеткирилген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18