24.kg
13:14, 31 июля 2019, 24.kg

Президент Панфилов районунун тургундары менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Чүй облусунда жумушчу сапары менен болуп, Панфилов районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Photo 128754

Маалыматка караганда, президент аймактарды өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча кыскача айтып, аймактарда ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүп жаткандыгын белгиледи.

«Аймактарды өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлүүдө. Акимдер жана жергиликтүү бийлик кошумча инвестицияларды тартуу үчүн активдүү иштөөсү керек, эл аралык каржы институттары Кыргызстан менен иш алып барууга даяр,» — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. 

Ошондой эле ал ирригация, таза суу менен камсыз кылуу, ипотекалык насыялоо, стратегиялык жолдордун курулушу, инфраструктуралык объектилер, энергетика тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, айыл чарба товар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик программалардын ишке ашырылышын белгиледи. Өзгөчө экологиялык таза ата мекендик продукцияларды экспортко чыгарууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуу суроо-жооп форматында улантылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18