24.kg
14:20, 30 июля 2019, 24.kg

Аида Саляновага жүрөгүнө байланыштуу жаңы оор диагноз коюлду

Дем жетпеген шартта кармалып жаткан Аида Салянованын жүрөк илдети өрчүп, тез арада операцияга муктаж болууда. Бул тууралуу «Азаттык» Аида Салянованын сиңдиси Чынара Турдалиевага шилтеме берип жазды.

Чынара Турдалиеванын айтымында, тапшырган анализдердин жыйынтыгы чыгып, Аида Саляновага панкардит деген жаңы диагноз коюлду. Бул илдет жүрөктүн бардык катмарларынын сезгениши менен мүнөздөлөт.

«Улам күндөн күнгө абалы оорлоп баратат. Жүрөк деген оңой эмес да. Жаман нерсе болуп кетсе ким жооп берет деп биз аябай кабатырбыз. Дем жетпеген камерада түнү менен уктай албай кыйналып жатканын адвокаты айтууда. Жолугушуу укугу адвокатта гана бар», -деген ал.

Чынара Турдалиева Аида Салянова камалгандан бери жакындарынын бири менен да көрүшө электигин кошумчалады.

Жактоочу аны тез арада ооруканага жаткыруу өтүнүчү менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылуу жолдоду.

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган. Эки күндөн кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 26-июнга чейин Бишкектеги № 1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган.

15-июнда саламаттыгынан улам ооруканага которулуп, бирок он төрт күндөн кийин кайра тергөө абагына жеткирилген

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18