24.kg
13:44, 30 июля 2019, 24.kg

Быйыл Чүй облусунан ажылык парзын аткаруу үчүн 817 адам Меккеге учуп кетти

Быйыл Чүй облусу боюнча ажылык парзын аткаруу үчүн 817 адам Сауд Араб Падышачылыгынын ыйык Мекке жана Медина шаарларына учуп кетишти. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй, Токмок жана Кемин хатибияты биригип 128, Ысык-Ата районунан 137, Кант шаарынан 110, Аламүдүн районунан 97, Сокулук районунан 129, Москва районунан 160 жана Жайыл менен Панфилов райондорунан биригип 56 киши Бишкек шаарындагы «Манас» эл аралык аэропортунан учуп кетишти.

Болочок ажыларды атайын тандоодон өткөн диний билимге ээ болгон, тажрыйбалуу 16 ажы башчы баштап кетишти.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18