24.kg
12:12, 30 июля 2019, 24.kg

Имамдарга эскертүү. Мечиттерде сүннөткө отургузууга тыюу салынган

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун имамдарына мечиттерде сүннөткө отургузууга тыюу салынгандыгы эскертилди. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка караганда, облус казысы имамдар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, сүнөткө олтургузуу медициналык жайларда гана жүрүшү керектигин айтып, аны мечитте өткөрүүгө буга чейин эле тыюу салынганын айткан.

Жети-Өгүз районунун Аң Өстөн айылындагы алты баланы сүнөткө олтургузган киши райондун мурунку баш имам хатиби Каныбек Кожокулов тарабынан чакырылганы белгиленет.

Эскерте кетсек, Аң Өстөн айылындагы мечитте сүнөткө олтургузулган баланын бирөөсү каны токтобой, шишик менен ооруканага түшкөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18