24.kg
12:15, 30 июля 2019, 24.kg

Сириядан кайткандар. Тил билбеген балдар жана туугандары кабыл албаган аялдар

Photo 128626

Борбордук Азия өлкөлөрү Жакынкы Чыгыштагы конфликттерге байланыштуу олуттуу көйгөй менен кагылышты. Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан Сирия жана Ирактагы радикалдуу топторго кошулган жарандарынын тагдырын чечүү аракетинде.

Коңшу өлкөлөр бул ишке шымаланып киришип, Ирактын түрмөлөрүндөгү жана лагерлериндеги жаш балдарды жана аялдарды кайтарып алганы маалым. Кыргызстан азырынча талкуунун үстүндө.

Аталган мамлекеттер бул жааттагы тажрыйбасы менен бөлүшүп, реаблитациялоо жолдорун Бишкекте өткөн атайын конференцияда талкуулашты. 24.kg агентиги коңшу өлкөрлөрдүн эксперттеринин кеп-кеңештерин укту. 

Тажикстан Сирия жана Ирактагы жарандарын сөзсүз өлкөсүнө кайтарып алат. Бул маселе бийлик олуттуу карайт.

«Тажикстандын жарандары кайсы өлкөдө кылмыш жазаса дагы сөзсүз мамлекетине кайтарылат. Бул расмий жана официалдуу чечим жана өлкөнүн милдети. Тажикстанда Сирия жана Ирактан жарандарды кайтаруу керекпи, же жокпу деген суроо коюлган эмес. Өкмөт бул аймактардагы жарандарын толук кайтарып алат», — дейт Тажикстандын президентине алдындагы Ислам тануу борборунун директорунун орун басары Рустам Азизи.

Рустам Азизинин маалыматында, Иракта дагы 11 тажик баласы бар. Алардын мекенине алып келүүгө даярдык көрүлүүдө. Айрымдарын Ирактын түрмөсүндөг апалары Тажикстанга жөнөтүүдөн баш тартышкан.

Казакстан «Жусан» программасын иштеп чыгып, алынып келингендерди алгач медициналык борбордо бир ай кароодон өткөрдү. Бирок, адистер медициналык карантин кеминде алты айга созулушу керектигин белгилешет.

«Андан кийин алар атайын борборлорго, же туугандары өттү. Бирок, биздин «Укук» фондубуз бүт аймактарда жардам көрсөтүп турат.Биздин фонд бюджеттен, азыр Балдары коргоо комитетинен каржыланып турат», — дейт Казакстан «Укук» коомдук фондунун жетекчиси Ольга Рыль. Өкмөттүк программа жылдап иш алып барышы мүмкүн. Андан тышкары, бул жаатта туруктуу иштей ала турган адистер болушу шарт. Себеби, аялдар арасында зордукталган, кыска убакытта эле 3-4 жолу турмуш кургандары бар.

Кыргызстандын ички иштер министрлигинин маалыматында, 2019-жылдын башында Сирия жана Ирактан кайтып келген 40 киши соттолуп, күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө жазасын өтөөдө. Жалпысынан Сириядан кайтып келгендердин саны 60ка жакын.

2015-жылы Кыргызстан экстремисттик күчтөр менен куралдуу аракеттерге катышкандар үчүн жазаны катууланткан. Өлкө аларды эркинен ажыратуу менен бирге, жарандыктан дагы чыгарат. Бирок, бул мыйзам жобосу азырынча колдонула элек.

«Жарандыгын алуу боюнча жобо колдонула элек. Аны эми кайра карап чыксак болот. Анүстүнө согуш жайларынан кайткан балдар жана аялдар боюнча мыйзамда эч нерсе айтылбайт», — дейт «Кылым шамы» укук коргоо борборунун директору Азиза Абдрасулова.

Мисалы, Тажикстан 2015-жылы тескеринче кылмыш жоопкерчилигин гумандаштырып, Сирия жана Ирактан кайткандарга мунапыс жарыялаган. Анын айтымында, Сириядан келгенден кийин дагы радикалдуулуктан арылбай кайра кылмышка барган бир эле учур катталды.

Өзбек жана казак бийлиги дагы расмий программанын алкагында кайткан жарандарын жоопкерчиликке тартпайт.

Ирак жана Сириядан кайтарылган балдардын маселеси курч. Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан Сирияда төрөлгөн балдарга документтерди даярдоодогу кыйынчылыктарды белгилейт.

«Энесинин эркине карабайбыз. Төрөлгөн жери катары кайсы өлкөнү белгилегиси келсе, ошол жарандыкты алууга укуктуу. Бирок, баары эле Казакстанды тандап жатышат. Алар Сириядагы жашоо балдарына көлөкө, кара так болушун каалашпайт. Балдардын аталары Сирияда каза болгон, же тирүү-өлүгү белгисиз болгондуктан, алар апасынын фамилиясына катталууда», — дейт Казакстандын «Укук» коомдук фондунун башчысы Ольга Рыль.

Коңшу өлкөлөрдүн экспертеринин айтымында, эң башкысы — балдардын психикалык абалы. Алар диний радикалдуу чөйрөдө чоңоюп, светтик өлкөнүн талаптарына көнгөн эмес. Анүстүнө өспүрүмдөр арасында курал колдонуп, даярдыктан өтүп, чоңдор менен бирге атайын операцияларга катышкандары да бар.

Photo 128624

«Балдар жаштайынан канды, зордук-зомбулукту көрүшкөн.Конфликт аймагынан кайткан алты жаштагы өзүнүн теңтушанан кескин айырмаланат. Балдар алгач эч ким менен сүйлөшпөй жатышкан. Азыр психологдордун жардамы менен ахыбалы жакшырып калды. Бирок, балдардын түптөлүп калган психикасын өзгөртүү үчүн эки багытта иш алып барышыбыз керек: радикалдуу ойлордон арылтуу жана кайра артка кайтууга жол берген жагдайларды жокко чыгаруу», — дейт Рустам Азизи.

Аялдарды үй-жай жана жумуш менен камсыз кылуу маселеси турат. Сирияга кетерде көп үй-бүлөлөр мүлкүн бүт сатып кетишкен.

Photo 128625

Өзбекстанда ишти Аялдар комитети колго алып, аларды коомго аралаштыруу аракетин көрүүдө.

«Сириядан кайткан аялдарга өз алдынча жашап кетүү үчүн жумуш, колдоо керек. Бизде «Жакшылык» программасынын негизинде 150 ашык аял келген. Аларга социалдык жактан көмөк көрсөтөбүз», — дейт Өзбекстандын Аялдар комитетинин төрайымы Саодат Салихова. «Апасы кел дегени менен бир туугандары кабыл албады. Себеби, ошол карындашынан артынан алар көп жаман жагдайга туш болушту. Уят кылдың дегендер бар. Же болбосо дагы бир үй-бүлөнү багууга мүмкүнчүлүгү жок», — дейт Казакстан «Укук» фондунун директору Ольга Рыль.

Айтмакчы, Сириядан өз алдынча кайтып келген аялдар мекенинде кыйынчылыктарды чече албай, атайын жайларга өздөрү келгендери бар. Алар социалдык, финансалык жардамдан сырткары, психологиялык жактан да колдоо көрсөтүүнү суранышат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18