24.kg
10:49, 30 июля 2019, 24.kg

Азимжан Аскаровдун жактоочусу соттон жаңы жагдайларды эске алууну суранды

Чүй облустук сотунда өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кылмыш ишинин жаңы жагдайлары боюнча иш каралууда. 

Азимжан Аскаровдун жактоочусу Валерьян Вахитовдун айтымында, Азимжан Аскаровдун 2010-жылы 12-июнда Базар-Коргон айылында чыгып сүйлөгөнү боюнча эксперт-лингвисттердин корутундусу жок. Эксперттер гана анын аткан сөзүндө улуттар аралык биримдикти козутуу элементтери болгонун аныктай алышат.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргондун айрым жашоочуларынан табылган ок атуучу курал Азимжан Аскаровго тиешелүү экенин тастыктоочу баллистикалык экспертиза жүргүзүлгөн эмес, колдун манжаларынын изи алынган эмес. Жактоочусу соттон бул жагдайларды эске алууну суранды.

Эске салсак, Азимжан Аскаров өмүр бою эркинен ажыратылган. Ага улуттар аралык ынтымакты бузду жана 2010-жылы түштүктө болгон окуяда милицияны өлтүрдү деген айып тагылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18