24.kg
09:24, 30 июля 2019, 24.kg

Өзбекстанда митинг. Үйү бузулгандарга компенсация төлөнөт

Өзбекстан мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов Кашкадарыя облусунун Яккабаг районуна барды.

Маалыматтарга караганда, атайын кызматтын башчысы Эски Якаббог айлына барып, бизнесмендин дүкөнүн түрттүрүүгө аракет жасаган акимдин орун басарын жана аткаминерлерди сынга алган.

Эскерте кетсек, эки күн мурун райондун акиминин орун басары Мансур Туймуевге каршы кол салуу болгон. Ага үйү бузулган жарандар бензин чачып, өрттөп жиберүүгө аракеттенишкен.

Абдусалом Азизов райондогу үйлөрү бузулган 34 жарандын арызын угуп, аларга 1 миллиард 700 миллион сум (200 миң доллар) төлөнөрүн убада кылды.

Буга чейин Ургенч районунун жашоочулары митинге чыгышкан. Алардын да үйлөрү бузулуп, бирок, компенсация төлөнгөн эмес. 

27-июлда премьер-министр Абдулла Арипов Өзбекстандын батышындагы Хорезм облусунун Ургенч районунун жашоочулары менен жолугушкан. Ал компенсация төлөнө баштаганы айтты. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18