24.kg
14:11, 29 июля 2019, 24.kg

Комуз күнүн белгилөө сунушталды

Президент Сооронбай Жээнбеков «Комуз күнү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Азыркы шарттарда комуздун жаңы маанисин ачуу керек, ал кыргызстандыктардын көп түрдүү маданиятындагы биримдиктин символу болууга тийиш. Кыргызстан элинин маданий интеграциясы коомдогу тынчтыктын, ынтымактын жана өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизи болуп калат», -деп айтылат маалыматта.

Ушуга байланыштуу Кыргызстандын этностук коомчулуктарынын маданияттар аралык диалогун кеңейтүү үчүн салттуу музыканын ролун күчөтүү зарылдыгы жазылган.

Өкмөткө 9-сентябрды Кыргызстанда жыл сайын белгиленүүчү Комуз күнү деп белгилөө сунушталды. Бул жарлыктын аткарылышын контролдоо милдети президенттин аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнө жүктөлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18