24.kg
11:15, 29 июля 2019, 24.kg

«Өспүрүм» рейди. Таш-Дөбө айылында колдору байланган кыз табылды

«Өспүрүм» рейдинин жүрүшүндө Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында колдору байланган кыз табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, каттоодо турган аз камсыздандырылган үй-бүлөлөрдү текшерүү маалында керебетте колдору байланган өспүрүм табылган. Аталган үйдө 1950-жылы туулган аял, анын 1978-жылы туулган кызы жана 2010-жылкы небереси жашап келген.

Аялдын айтымында, небереси аны укпай үйдөн качып кетип жүргөн. Эртең менен ал башка небересине үйдөн качып кетип жүргөн небересинин колун байлоону тапшырган.

Кыздын апасы Бишкекте иштейт, ал эми атасы 8 жыл мурун каза болгон.

Өспүрүм борбор калаадагы балдарды коргоо борборуна 6 айга жайгаштырылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18