24.kg
09:26, 29 июля 2019, 24.kg

Токко урунуп кырсыктаган жоокерге миллион сом төлөп беришет

Токко урунуп эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаевге Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети камсыздандыруу берет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди.

Айтымында, аталган комитет Руслан Сапарбаевге миллион сом төлөп берүүгө даяр.

«Жогорку соттун айыптоочу өкүмдү күчүндө калтырган чечиминен кийин мамлекеттик комитет камсыздандыруу төлөмдөрү тууралуу чечимди кабыл алды», -деди Азиза Абдирасулова. Ал кошумчалагандай, Башкы штабдын кенемте төлөп берүү тууралуу ниети жок. Мындан сырткары автоматтык протезди жабырлануучу өзү сатып алууга туура келет.

Эске салсак, августта жоокер Руслан Сапарбаев токко урунуп, 2 колун кестирүүгө мажбур болгон.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, жабырлануучу кезмет өтөп жатып электрдик подстанциянын аймагына кирген. Тыюу салынган белгиге карабай трансформатордук будкага киргенде, аны ток урган. Анын энеси Венера Сейталиеванын айтымында, уулу эч кандай инструкцияны бузган эмес. Ал аталган аймакта ток бар экенин билген эмес.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18