24.kg
13:12, 26 июля 2019, 24.kg

Бишкектеги оорукана боюнча келишимди Түркия жактыра элек

Кыргыз-түрк достук ооруканасын ачуу тууралуу келишимин ратифакциялоо жараянын аяктады. Бул тууралуу министр Космосбек Чолпонбаев маалымат агенттигинде билдирди.

Анын айтымында, ооруканада жарык орнотулууда.

«Келишимди ратифакциялоо процесси биз тараптан аяктап, кол коюлган. Эми түрк тараптан ратификацияга кол коюуну күтүп жатабыз. Кол коюулары менен каржылоо жүрүп, оорукана ачылат. Ушул жылы ачабыз деген ойдобуз», — дейт Чолпонбаев.

Эскерте кетсек, келишимдин негизинде борбор калаада кыргыз-түрк достугунун Бишкек мамлекеттик ооруканасы ачылат. Оорукана 72 орунга саналган (21 орун кайра жандандыруу бөлүмүндө). Бул поликлиникага КРнын жарандарына, жарандыгы жок адамдарга жана баардык кайрылгандарга медициналык жардам көрсөтүлөт.

Кийинки үч жылда оорукана эки тарап менен биргеликте жетектелет. 3 жылдык мөөнөт аяктагандан кийин оорукана толугу менен КР өтөт. Андан кийинки үч жыл Түркиянын саламаттык сактоо министрлиги ооруканада байкоо жана координациялоо иштерин улантат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18